Баткенде тажик фураларындагы жүктөр көрсөтүлдү, алар Тажикстанда кармалып турган кыргыздардыкына алмаштырылат.

0
116

Кечээ, 11-май күнү Баткен шаарында тажик жарандарынын оор жүк ташуучу 3 унаасы эл тарабынан токтотулган. Баткен ОИИБ ал жүк ташуучу унаалар менен Орусиядан күнүмдүк керектелүүчү буюмдар ташылып келе жатканын кабарлады.

Аталган жүк ташуучу унаалар Тажикстанда кармалып турган кыргыз жарандарынын 7 фурасы менен алмаштырылат. Бул эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында чечилгени кабарланды.

Буга чейин, тажик жарандарынын оор жүк ташуучу 3 фурасы эл тарабынан токтотулганда милиция кызматкерлери одоно мамиле жасап, жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видеолору соцтармактарда тараган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы ал кызматкерлердин ишине баа берилерин кошумчалады.

Облустук милиция билдиргендей, кармалган оор жүк ташыган автоунаалар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу 7-майдан бери милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп турат.

Алар 11-майда ички иштер башкармалыгынын автоунаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. Орто жолдо жергиликтүү тургундар менен түшүнбөстүктөр чыккан.