Жакын адамдардын ортосуна от жакпа

0
439
Кто такой лучший друг

Бир жолу кошуна жашаган эки бир туугандын ортосунда чатак чыкты. Буга чейин алар кырк жыл бою бир да жолу бири-бирине жаман сөз айтышпай ынтымактуу жашаган эле. Акыры болбогон нерсе чоң чырга айланды. Бир күнү эртең менен Пётрдин каалгасын жыгач уста каккылап келип калды. Ал жумуш издеп жүргөн. Балким Пётр бир иш берип жүрбөсүн деп кайрылган эле.

Пётр сүйүнүп кетти. Ал аянтты экиге бөлүп турган чоң аңды көргөздү. Аңдын аркы өйүзү бир тууган инисине тиешелүү экенин айтты. Бир апта мурда эле ал жер тептегиз чабынды экендигин, иниси бульдозер алып келип ушинтип анын жинине тийиш үчүн эле атайылап каздырып салганын түшүндүрдү. Бирок ал дагы жөн жата бербесин, андан өчүн алууга даяр экенин билдирди.

Ал сарайынын жанында үйүлүп жаткан тактайларды көргөзүп, аңдын жээгин бойлой бийиктиги эки жарым метр тосмо тосуп беришин өтүндү. Анын жүзүн көргүм келбейт деди ал күйүп-бышып. Уста Пётрдун айткандарын угуп, түзүлгөн кырдаалды жакшы түшүнгөнүн, Пётрдун көңүлүнө толо тургандай ишти жасоого даяр экенин билдирди.

Эртеси таң эртең менен Пётр жумуштары чыгып, шаарга кетти. Уста күн бою тынбай иштеди: ченеди, араалады, какты… Ал ишин күн батып баратканда аяктады. Ошол кезде шаардан Пётр да келип калды. Ал тигинин кылган ишин көрүп көздөрү чакчайды… Эч кандай тосмо жок болчу. Эки өйүздү кошкон татынакай көпүрө көз жоосун алат. Иниси көпүрөдөн өтүп келип агасын кучактады:

— Кечирип кой, байке, менин кылыгымдан кийин бул көпүрөнү салып сен азаматтык кылдың.

Бир туугандар кучакташып, жарашып алышты.

Уста шаймандарын жыйнап жатканын көргөн бир туугандар анын калышын суранышты.

— Сиз үчүн дагы көп жумуш таап беребиз,” – дешти алар.

Бирок уста макул болгон жок.

— Калсам деле болмок, бирок мен дагы бир нече көпүрө салышым керек, – деди ал.

Тыянак: тегерегиңерге тосмо тосуп албай, көпүрө кургула!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Булак: ruhesh.kg басылмасы.