Баткен: Үйлөрү талкаланган жарандарга убактылуу чатырлар курулуп жатат.

0
83

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чатагында турагы талкаланган 9 үй-бүлөгө Кызыл Ай коому мобилдик үй жана чатыр тигип берди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 9-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эвакуацияланган жергиликтүү тургундарды Баткен шаарынан турукташкан үйлөрүнө жеткирүү иштерин баштады. Турак-жайы талкалагангандарга ӨКМ тарабынан убактылуу чатыр тигилип берилет.

Белгилүү болгондой, Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан улам 40 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга көчүлүрүлгөн.