Ош шаарында абалы начар дагы бир жол оңдоодон өтөт.

0
168

Ош шаарындагы абалы начар Алиев көчөсү асфальтталып, тротуар курулат. Бүгүн, 23-апрелде калаа мэри Таалайбек Сарыбашов аталган көчөнүн абалы менен таанышып, жашоочулар менен жолугушту.

Жол жергиликтүү бюджеттин эсебинен асфальтталып, жаңы тротуар салынат. Курулуш иштери май айынан башталып, күзгө чейин пайдаланууга берилет.

Алиев көчөсүндө 1 чакырымдан ашуун жолду асфальттап, жолдун эки тарабына тротуар курабыз. Ирригациялык лотокторду да алмаштырып, түнкү жарыктандыруу системасын жакшыртабыз. Шаарда быйыл бир канча ички жолдорго жаңыдан асфальт басылат. Бүгүндөн баштап шаардагы негизги жолдору жамоо иштери да башталды”,- деди Т. Сарыбашов.