Ошто балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында 100 орундуу жаңы имарат ачылды (сүрөт)

0
203

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу бүтүп, ачылышы болду. Оорукана 10 күндүн ичинде толугу менен иштеп, бейтаптарды кабыл  ала баштайт.

Кечээ, 19-апрелде жаңы имараттын ачылышына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов катышып, кызыл тасмасын кести.

Аталган оорукананын курулушу өткөң жылдын күз айларында башталган. Пандемия учурунда орун жетишпестигинен улам, бир жарым айда бүткөрүү планы болгон. Бирок, каражат убагында которулбай, жумуш кечеңдеп кеткен. Ушул айда  мамлекеттик бюджеттен 30 млн сом бөлүнүп, курулушу бүттү.

Жалпы аянты 220 чарчы  метрди түзгөн оорукананын сметлык баасы 90 млн сомду түздү. 100 орунду  медицина мекемеси  зарыл  медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Азыркы учурда оорукана бош жана кызыл зонага киргизиле элек. Эгерде оорулулар көбөйүп, муктаждык жаралса,  бейтаптарды кабыл алууга даяр.

Эрежеге ылайык, бейтаптар алгач оорукананын алдындагы  чатырда текшерилет. Алардан ПЦР анализи алынат. Андан соң оору даражасы аныкталып, палаталарга  жана  бөлүмдөргө бөлүнөт. Ар бир бөлмөгө сырттан кирүүчү эшиктер коюлган. Сырттагылар менен байланыш болбошу үчүн бейтаптар бөлмөнүн ичинде гана дарыланат. 3 орунду палатага  15 кгдык концентратордон   кычкылтек  берилет. Жаңы функционалдуу керебеттер да жайгаштырылган. Мындан сырткары ооруканага  ИВЛ аппараты алынган.

Ал эми оорукананын эски имараты толук кандуу капиталдык ремонттон өттү. Жалпысынан шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы 280 бейтапка ылайыкташтырылган.

Даярдаган: Исхак Туратбеков