Ош облусунун аймагында жер титиреди

0
132

Кечээ, 19-апрелде саат 21:58де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайы, жер титирөө Чоң-Алай районунун Шибэ айылында – 3 балл, Карамык, Кулчу, Жар-Башы, Чак айылдарында – 2,5 балл жана Доорот-Коргон айылында – 2 баллга чейин сезилген.

Табият кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.