Ташиев «Кемпир-Абаддын» жанынан 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жергиликтүүлөр менен жолукту

0
161

УКМКнын  төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-апрелде Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында «Кемпир-Абаддын» жанынан 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан тургундар менен жолугушту.

Жер алмашууга нааразы болгон кыргызстандыктардын талабынан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин айтты.

«Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан — ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин«,- деди Ташиев.

Ташиев тургундардын «Өзбекстан мындай сунушка көнбөй койсочу» деген суроосуна, Ташкентти ынандырууга болгон аракет көрүлөт деген мазмунда жооп берди.

Анын алдыда Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду Кыргызстан үчүн эң пайдалуу келишим деп атап, буга чейинки жер талаштарга чекит коет деп ишендиргенге аракет кылды. Бирок чогулгандар буга ынаган жок.