COVID-19: Өлкөдө 9575 адам вируска каршы эмделди.

0
74

19-апрелге карата өлкөдө 9 миң 575 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Вакцина алгандардын басымдуу бөлүгү медицина кызматкерлери, мугалимдер, мамлекеттик жана милиция кызматкерлери.

Эмдөөдөн өткөндөр: Бишкек шаарында – 817, Ош шаарында – 822, Чүй облусунда 899, Ош облусунда – 3529, Ысык-Көл – 735, Талас – 117, Нарын – 545, Жалал-Абад – 1684, Баткен – 367ди түзөт.

Кыргызстан Кытайдын «SinoPharm» компаниясынын вакцинасын алган. Анда 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина 19-мартта келген жана эмдөө өткөн айдын аягында башталган.