Илбирстин терисин сатууга аракет кылган жаран кармалды

0
169

УКМК экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө илбирстин 3 терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткандар аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

«К.А.С.» аттуу адам Тажикстандын жарандарынан алган илбирстин үч терисин Ош шаарында 4 500 АКШ долларына сатууну пландаштырган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында терилерди сатуу учурунда «К.А.С.» аттуу адам кармалды.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси («Кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Илбирс улуттук мыйзамдардын чегинде корголуп, Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жаныбар, Бишкек шаарынын символу жана аны сатуу мыйзамсыз болуп эсептелинет.