Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 637 миңге жетти.

0
137

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миңге жеткенин кабарлады.

Ага ылайык, өлкөдө туруктуу жашаган элдин 34 пайызы шаарларга, 66 пайызы айылдарга туура келет.

Калктын 35 %ы балдар менен өспүрүмдөр, 57 %ын эмгекке жарактуу адамдар түзөт. Ал эми улуу муундагылар 8 %.

Өлкөдө жалпы 100дөн ашык улут жашайт. Алардын ичинен эң көбү кыргыздар (4 миллион 896 миң, 73 %), өзбектер (985 миң, 14,9 %) жана орустар (341 миң, 5,2 %).