COVID-19: Бишкекте 4 мектеп 3-майга чейин карантинге жабылды

0
82

Бүгүн, 19-апрелинен тарта Бишкектеги 4 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада коронавирус жалпы 29 окуучудан жана 22 мугалимден табылган.

Карантинге кеткен 4 мектеп 3-майга чейин жабылды. Эгер окуу жайда 2ден ашык кызматкерден илдет табылса, анда карантинге жабылат”, — дейт ал.

Иманалиева апрель айынан бери 7 мектеп онлайн режиминен кайтканын белгиледи.

“21-апрелде №13 мектеп, 22-апрелде эки мектеп, 24-апрелде бир жана 26-апрелде калган мектептер ачылат”, — деп билдирди Иманалиева.