Бишкек шаардык кеңешине өткөн НДПК партиясы шайлоодон четтетилди.

0
139

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтеттүү тууралуу чечим кабыл алды. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны «добуш сатып алууга» айыптаган документтери негиз болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү 11-апрелдеги “добуш сатып алуу” фактысын иликтеп, анда добуш сатып алган адамдар НДПК партиясы менен байланышы бардыгы тастыкталган”, — деп билдирди БШКнын басма сөз кызматы.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, НДПК мындай чечимге макул болбосо үч күндүн аралыгында Боршайкомго кайрылышы керек.

НДПК Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо жети пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен маарага үчүнчү болуп келген. Партияны Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов сүрөөнгө алганы тууралуу сөз бар. НДПКны атайын кызматтын генерал-майору Артур Медетбеков негиздегени белгилүү.