COVID-19: Жаңы 212 учур, 6 бейтап көз жумду.

0
225

19-апрелге карата коронавирус дагы 212 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар: Бишкекте – 152, Чүй облусунда – 22, Ош шаарында – 4, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 18, Нарын облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 92 миң 95 адам коронавирус жуктурган.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4 бейтап каза болду. Муну менен илдеттин курмандыгы жалпы 1 миң 555 адам.

Ал эми бир сутка ичинде 149 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 101, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 34, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 9 адам сакайды. Ооруну жеңгендер өлкө боюнча 87 миң 56 кишиге жетти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1246 бейтап, амбулатордук түрдө 1270 адам дарыланууда. 851 бейтаптын абалы орто оордукта, 311 адамдын абалы оор жана 53 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 356 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 272 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.