Данияда AstraZeneca вакцинасын алгандарда тромб пайда болуп, өлкө колдонуудан баш тартты.

0
130

Дания AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы  препараттарын колдонууну токтотту. Копенгаген буга чейин  швед-британиялык компания чыгарган  вакцинадан 2,4 млн доза алууну макулдашкан.

Мындан тышкары,  Johnson & Johnson препаратын дагы калкты эмдөөдө колдонууга  тыюу салынды.

Маалым болгондой, Даний Американын  өндүрүшүндөгү препаратты алууга 8,2 млн  доза буйрутма  берди. Мындай чечим  Копенгагенде  калкты эмдөө  процессин үзгүлтүккө учуратты.

Март айында  Дания европа өлкөлөрүндө биринчилерден болуп AstraZeneca  вакцинасын колдонуудан баш тарткан. Себеби эмдөөдөн өткөндөрдүн көпчүлүгүндө тромб пайда болгон.

Копенгаген препараттын адам организмине зыяны жок деген  бүтүмүн  тыкыр изилдеп, коопсуздук үчүн  баш тартуу чечимин  кабыл  алды. AstraZeneca  вакцинасынан бир катар өлкөлөр баш тартууда.