Японияда эпидкырдаал курчуп кетсе олимпиада оюндарынын мөөнөтү жылат. 

0
132

Япониянын  башкаруучу партиясынын башкы катчысы Тосихиро Никаи коронавирус боюнча кырдаал жакшырбаса олимпиада оюндарынын мөөнөтү дагы жылдырылат деп  билдирди. Бул  туурасында  Kyodo агенттиги  маалымдады.

Белгилей кетсек, Токиодо 2020-жылы  өтүүчү эл аралык олимпиада оюндары 2021-жылдын июль айына жылдырылган. Оюндар 23-июлда бшталып, 8-августта  жабылат.

Бирок эпидемиологиялык абалдан улам  япон бийлиги  дүйнөлүк олимпиада оюндарына чет элдик көрөрмандардын келүүсүнө тыюу салышы ыктымал.

Мындан тышкары, коронавирус боюнча кырдаал  курчуп кетсе оюндардын мөөнөтү жылып кетиши  мүмкүн.