Ошто жаранды опузалап, 175 миң сом акчасын жана авто унаасын тартып алган шектүү кармалды  

0
206

Ошто жаранды опузалап, акча жана авто унаасын тартып алган шектүү кармалды. Ал 12-апрель күнү колго түшкөнүн Ош ШИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Шаардык милицияга Сабиржан Кудраттилла аттуу жаран кайрылып, 2020-жылдын 9-октябрынан ушул күнгө чейин Ош шаарынын Амир-Тимур кичи шаарчасында жашаган “Кадыр” атту жаранга чара көрүп берүүнү суранган. Арыздануучу аны коркутуп Nexia үлгүсүндөгү унаасын жана 175 миң сом акчасын опузалап алып, андан кийин 120 миң сом акча талап кылганын билдирген.

Аталган окуя Ош ШИИБнын КЖБРнын Жазык Кодексинин 203-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, 12-апрель күнү кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган М. К. аттуу жаран кармалган.

Шектүүдөн  далил буюм катары Nexia үлгүсүндөгү авто унаа алынган.

Ал Ош ШИИБнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.