УКМК: Матраимовго козголгон кылмыш иши токтотулуп, эркиндикке чыкты.

0
73

УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылганын билдирди.

2021-жылдын 18-февралында Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, камакка алуу баш коргоо чарасы каралган.

Сотко чейинки өндүрүштү баштоого интернетте кеңири тараган Раимбек Матраимовдун Дубай Эмиратында кымбат мүлкү бар экендиги боюнча «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгон.

Матаримовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө мүлктөрүнүн болушу жөнүндө тергөө тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын, Кытайдын, Түркиянын жана ошондой эле Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тийешелүү өтүнүчтөр жөнөтүлгөн.

УКМК  аталган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Р.Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкканын маалымдады.

Эми кылмыш иши токтотулуп, баш коргоо чарасы жокко чыгарылганы айтылды.

Ошол эле учурда Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 миллион сомдон жогору жалпы аянты 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.