COVID-19: Бишкекте 3 мектеп карантинге жабылды

0
167

Бишкек шаарындагы  №13, №28 жана №52 мектептер карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Аталган мектептерде башталгыч класстардын, 5-9-11-класстардын 100 миңден ашык окуучусу окуп жаткан. 1 миң 377 окуучунун ата-энеси үйдөн онлайн-форматта окууну улантуу тууралуу арыз жазган.

«Азыркы учурда борбор калаада COVID-19 менен аныкталган учурларга байланыштуу 3 мектеп, атап айтканда, №13, №28 жана №52 мектептер жабылды», — деп айтылат маалыматта.

Балдар же мугалимдерден илдет табылса, Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун алгоритмине ылайык ыкчам иштер жүргүзүлөт.

Ошондой эле, онлайн режимге толук өтүү ооруган бала же ооруган мугалим менен болгон байланыштын санына жараша болот, чечим эпидемиологдор тарабынан кабыл алынат.