COVID-19: Вирус күчөдү. Жаңы 305 учур, 6 бейтап акка моюн сунду.

0
212

15-апрелге карата коронавирус дагы 305 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар: Бишкекте – 186, Чүй облусунда – 89, Ош шаарында – 7, Ысык-Көл облусунда – 12, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 1, Баткен облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 91 миң 144 адам коронавирус жуктурган.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2 бейтап каза болду. Ошентип каза болгондордун жалпы саны 1 миң 540 адамга жетти.

Ал эми бир сутка ичинде 178 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алар: Бишкекте – 109, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 55, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 адам сакайды. Мунун менен дартты жеңгендер 86 миң 491 киши болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1010 бейтап, амбулатордук түрдө 1139 адам дарыланууда. 675 бейтаптын абалы орто оордукта, 228 адамдын абалы оор жана 40 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 338 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 251 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.