Бишкектин мурдагы вице-мэри 31-майга чейин камакта калтырылды

0
126

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкуловдун бөгөт чарасын  калаанын Биринчи май райондук соту 2-апрелде карап, аны 31-майга чейин камакта калтырды.

Буга чейин, 31-мартта Аскер прокуратурасы Бишкектеги кымбат жер тилкелерин берүү боюнча «Мыйзамсыз баюу» жана «Коррупция» беренелери менен тергелип жаткан иштин алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК)райондордун биринин башкармалыгынын башчысы жана калаанын мурдагы вице-мэри кармалганын кабарланган.

Алымкуловго Жазык Кодексинин 43-беренесинин 3-бөлүгү жана 319-беренесинин (Коррупция) 1-бөлүгүнө байланыштуу айып коюлган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, «шектүү катары кармалгандар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мэриянын жооптуу кызматкерлерине басым аркылуу мыйзамсыз жер тилкелерин жең ичинен сүйлөшүп алгандарга каттаткан» деп айыпталып жатат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.