Орусия Кыргызстанга экспресс-диагностика үчүн мобилдик лаборатория берди

0
119

Орусия Кыргызстанга экспресс-диагностика үчүн микробиологиялык мобилдик лаборатория берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Роспотребнадзор Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Эл аралык медико-санитардык эрежелерин ишке ашыруу жөнүндө келишимдин алкагында акысыз негизде аталган лабораторияны өткөрүп берди.

Лаборатория инфекцияга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар учурунда атайын эпидемияга каршы бригадалар тарабынан колдонууга ылайыкталган”, — деп айтылат маалыматта.