Бишкек-Ош унаа жолу ачылды

0
116

Бүгүн, 5-апрель саат 11ге карата Бишкек-Ош унаа жолу ачык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 4-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Токтогул районунун «Арал» постунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу киргизилген чектөө, бүгүн саат 11:10до алынды.

Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы постко убактылуу киргизилген чектөө алына элек.