Шайлоо-2021: 3 млн 606 миң 201 адамдын тизмеси аныкталды.

0
191

«Тизме» мамлекеттик порталына жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн тизмеси жарыяланды. Ошол эле учурда аталган порталда референдумга катышуучулардын тизмеси да илинген.

2021-жылдын 1-апрелге карата референдумга катышуучулардын саны 3 миллиона адамдан ашты. Аныничинен 2 миллионго чукул жаран эркектер болсо, 1 миллион 880 миң 352и аялдар.

Ушул эле убакытка карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн саны 3 миллиона 318 миң 130 адамды түздү. Анын ичинен 1 миллион 587 миң 598и эркектер, 1 миллион 730 миң 532и аялдар.

Референдумду өткөрүү үчүн 2 миң 483 шайлоо тилкеси ачылса, анын 48и чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелер.

Эске салсак, Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ушул эле күнү президент башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.