COVID-19:  Жаңы 139 учур, бир бейтап каза болду.

0
159

5-апрелге карата өлкөдө коронавирус 139 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкекте –123, Чүй облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 10, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 3 кишиден илдет табылган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 153 адам коронавирус жуктурган.

Ал эми соңку бир суткада 107 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 77, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 3 киши айыкты. Муну менен вирустан сакайгандардын жалпы саны 85 миң 271 кишиге жетти.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 1 адам каза болду. Жалпы өлүм учурлары- 1 миң 507 адам.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 648 бейтап, амбулатордук түрдө 774 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 269 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 206 медкызматкер айыгып чыкты.