Президент Ашхабадка учуп кетти

0
67
Бүгүн 11-октябрда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити өтөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул жыйынга катышуу үчүн Ашхабадка бүгүн учуп кеткенин басма сөз кызматы кабарлады.

Саммитте кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Стратегиялык экономикалык кызматташуу декларациясынын долбоору талкууланат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөрү пландалууда.

КМШ уюму мурдагы СССР урагандан кийин түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын курамына Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Түркмөнстан эркин мүчө макамына ээ.