COVID-19: Ош шаарында вируска каршы эмдөө башталды

0
145

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарындагы  №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Аны менен жеринде вице-мэр Эмил Шадыханов таанышты.

Ошко Кытайдан чыккан Sinopharm вакцинасынын 300 дозасы келген. Бул 150 адамга жетет. Эмдөөдөн биринчи кезекте эл менен иштешкен адамдар: медиктер, мугалимдер, чек арачылар, милиционерлер өтөрү белгиленди.

Калаада вакцинаны биринчилерден болуп Санэпидемстанциянын жетекчиси, саламаттык сактоо боюнча калаанын координатору жана орун басарлары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун башчылары алышты. Ар бири текшерилип, андан алгач аңгемелешүү да жүрдү.

Ыктыярдуу түрдө жасалган эмдөөнүн экинчи этабы 25-28 күндүн ичинде ишке ашышы керек.