Бишкек-Ош-Чикаго реалдуу салыштыруу/ Келгиле ёнщгщщн

0
652
Бишкекте өмүрүмдө биринчи жолу жашап жатам, 1 ай ичинде байкагандарымды жазгым келди. Мүмкүн бул аз убакыттыр, бирок бул менин жеке ойум, байкоом.
Биринчи Чикагого эмес, ордолуу Ошко салыштырып көрөйүн.

-Бишкекти Ошко салыштырмалуу бир топ алдыраактай сезилди.-Cambridge, Harvard жана башка ушул сыяктуу англис тилдүү заманбап мектептер бар экен.
-AUCA, Ata-Turk Ala-Too, Kyrgyz Turk Manas сыяктуу мыкты окуу жайлар жайланышыптыр. Ушул үч окуу жайды пара албайт, өз күчүң менен окуйсуң, мыкты окутушат деп айтышты көпчүлүк.
-Жолдорго камералар койулгандан кийин унаалар шашпай тартипти сактап жүрүп калышыптыр. Жөө жүргүнчүлөр да көчөдө коопсуз басып калыптыр.
-Өтмөктөрдө унаалар жөө жүргүнчүлөргө жол берет экен.
-Эң сонун нерсе, коомдук транспорттордо жаштар улууларга орун бергенден сырткары, жигиттер да кыздарга орундук беришкенин көп байкадым.
-Орус тили мурдагы подсоветтик өлкөлөрдө алда качан модадан калып кетсе да Бишкекте орусча сүйлөө мода бойдон калыптыр.
-Ош базар тарапты тартип жок бардак деп айтышат экен.
-Курулуш тармагы аябай өнүгүптүр, бул жакшы көрүнүш, бирок шаардын өзүнүн шаар куруу планы жоктой, ар ким аркандай өзү каалагандай курулуштарды кура беришкендей.
-Курулуп жаткан курулуштар көпчүлүгү турак жай, домдор экен, завод-фабрикалар, бизнес центрлер жокко эсе.

-Чикагого салыштырганым туурабы жокпу билбейм. Бирок достор тааныштар чөнтөгүңдү, сумкаңды абайла, телефонуңду, капчыгыңды алдырып койбо деп көп айтышты.
-Чикагодо эч нерседен камсанабай жүрөсүң.
-Бишкек, Ош баары окшош элдер кабагын салып жүрүшөт, эч ким бири-бирине жылмайбайт экен.
-Чикагодо элдер бири-бирин тааныбасада саламдашып, жылмайып койушат.
-Бишкек, Ошто адамдар бири-биринен кечирим сурап жол берүү жокко эсе экен.
-Чикагодо жол берүү эң сылык мамиле жана өзгөлөрдү урматтоо.
-Артындагы адам келгенче эшикти жаппай кармап турууну эч ким билбейт экен.
Артында басып келе жатсаң да тарс жаап койуу көнүмүш эле адаттай.
-Чикагодо адамдар сенден мурун келип калса, сен келгенче эшикти жаппай кармап тура беришет.
-Бишкекте, Ошто коомдук транспорттор туш келген жерде токтой берет экен, элдер да 1 мүнөттүк аярдамага басып барыштан эринип, ар жерде туруп алып тосо беришет экен.
-Чикагодо коомдук транспорт жалаң гана аярдамаларга токтойт, жана өз убактысы менен жүрөт.
-Ресторан, банк, тез татымдарда кызматкерлер эч качан жылмайып сүйлөп, сизге кандай жардам керек деп сурабайт экен. Супермаркеттердеги жана башка жайларда да кассирлердин мамилеси өтө корс.
-Чикагодо кассирлер ар-бир клиент менен сүйлөшүп, ошол кыска убакытта өздөрү, үй-бүлөлөрү жөнүндө сүйлөшүүгө да жетишишет.
-Очурга, катарга туруу маданияты таптакыр жок, нөл десе да болот.
-Чикагодо бирөөдөн оозунуп өтүп кетүүдөн таптакыр уйаласың.
-Кимдир бирөөдөн жардам сурасаң орой сүйлөп жооп берип койгону өтө жагымсыз маанай тартуулайт экен.
-Чикаголуктар сураган нерсеңди түшүндүрүп, жакшы түшүнбөй калсаң алып барып көргөзүп койушат.
-Айрыкча Бишкекте кыргызча суроо сурасаң орусча жооп беришет экен. Бизго орусча билебиз, бирок биздин АКШ, Европа, Корея жана башка чет өлкөлөрдө туулуп өскөн балдарыбыз ошол элдин тилин жана өз эне тилинде, кыргызча сүйлөшөт, келечекте Кыргызстанда кыргыз тили өнүкпөсө алар өз жерине келип өгөйлөнүп, жат болуп калышаарын сездим.
-Бишкек, Ошто рахмат сөзүн өтө аз колдонушаарын байкадым. Сен рахмат айтсаң да, эч нерсе эмес, арзыбайт, келип туруңуз деген сөздөрдү өтө аз айтышат экен.
-Чикаголуктар рахмат сөзүн өтө көп колдонушат. Бири-бирине ыраазычылык өтө көп билилиришет. Рахмат айтсаң, сизге да рахмат, келип туруңуз, бизден соода кылганыңыз үчүн, келгениңиз үчүн, бизди тандаганыңыз үчүн чоң рахмат деп айтышат.

-Достор келгиле өзгөрүүнү ар-бирибиз өзүбүздөн баштайлы.

Автор: Саминур Сами ( Фейзбук баракчасынан алынды).