Атактуу улакчы Манас Ниязов уулдуу болду

0
119

Келинчеги Назира кечээ, 9-октябрда Өзгөндөгү төрөтканалардын биринде эрте менен көз жарган. Ымыркай 3 килограмм 200 грамм салмакта төрөлгөн.

« Уулумдун атын ата-энем коет. Азыр кандай ысым ыйгарышты чече элекпиз. Жубайымын да, баламын да ден-соолугу жакшы», деди Ниязов.

Манас Ниязов сүйүктүүсү Назира менен былтыр декабрь айында баш кошкон.

Манас Ниязов 1993-жылы 27-апрелде Ош облусундагы Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында туулган. Орто билимдүү. Ал Кыргызстанда улакчы катары таанымал. Кыргызстандын курама командасына кирип, Көчмөндөр оюндарынын мыкты улакчысы аталып келген. 2016-жылы “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” болгон. Кыргызстандын курама командасынын жана “Достук” тайпасынын курамында бир нече ирет беттеште сыйлык-наамдарга татыган.

Булак: Жебе медиа.