Түркия президенти Эрдоган Сирияга операция башталганын кабарлайт/ Чек арада жардыруулар орун алды

1
59
Turkey's President Recep Tayyip Erdogan attends a ceremony to inaugurate a Turkey-financed highway linking Belgrade with Bosnia's capital of Sarajevo in Sremska Raca, some 80 kilometers (49 miles) west of Belgrade, Serbia, during his two-day official visit, Tuesday, Oct. 8, 2019. The White House said Sunday that U.S. forces in northeast Syria will move aside and clear the way for an expected Turkish assault, essentially abandoning Kurdish fighters who fought alongside American forces in the years long battle to defeat Islamic State militants. Erdogan has threatened for months to launch the military operation across the border as he views the Kurdish forces as a threat to his country. (Presidential Press Service via AP, Pool)
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын түндүгүндөгү аскердик операция башталганын жарыялады. Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Рас-эл-Айн шаарчасында бир нече жардыруу болду.

Түрк армиясынын бул операциясы АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Сириядан чыгарылаарын билдиргенден бир нече күндөн кийин башталып жатат. Операция күрт кошуундарын жана чөлкөмдөгү «Ислам мамлекети» террордук тобун бутага алаарын кошумчалады.

«Түрк куралдуу күчтөрү жана «Сириянын эркин армиясы»  Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтыктын булагы» операциясын жаңы эле баштады. Биз түштүктөгү чек арабызда террорчулардын корридорунун түзүлүшүн алдын алып, аймакта тынчтык орноткубуз келет», — деп жазды Эрдоган «Твиттердеги» барагына.

8-октябрдын кечинде Түркиянын чек ара аймагына кошумча күчтөр, танктар жана аскердик унаалар жеткирилген болчу.

Эрдогандын мындай билдирүүсүнүн алдында каршы тарап аймактагы куралдуу кармаш «гуманитардык катастрофага» жол ачаарын эскерткен эле.

«Биз элибизди, бардык этностук топторду Түркия менен чек ара аймагына багыт алууга жана мындай тарыхый учурда каршылык көрсөтүүгө чакырабыз», — деп айтылган «Түндүк жана Чыгыш Сириянын автономдуу администрациясы» деп аталган жергиликтүү бийликтин билдирүүсүндө.

Түркия күрт кошуундарын, анын ичинде АКШга ыктаган «Сириянын демократиялык күчтөрүн» «террорчулар» катары мүнөздөп келет.

Мындан үч күн мурун президент Трамп түрк лидери Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Түркиянын операциясына аралашпай турганын айткан.

Шаршемби күнү чөлкөмдөгү кырдаал боюнча Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров үн катып, Сириядагы күрттөр «өтө кооптонуп турганын», аймакта чоң чатакты алдын алуу үчүн бардык аракет көрүлүшү керек экенин айтты.

Сирияда сегиз жылдан ашкан жарандык согушта Анкара менен Вашингтон көтөрүлүшчүлөрдүн эки башка тобун, Орусия президент Башар Асадды колдоп келет. Бул согуш баш-аягы 400 миңдей адамдын өмүрүн алды.

Булак: Azattyk.org басылмасы.