Ошто унаа сүзүп каза болгон жигиттин өздүгү такталбай жатат

1
80
Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө 25-30 жаштагы жигитти унаа сүзүп өлтүрдү. Бул тууралуу Turmush.kg билдиришти.

Окуя кече, 9-октябрга караган түнү саат 2:00 чамасында болгон. Маркумду «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, жигит окуя болгон жерден каза болгон.

Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун адиси Арап Кожобаев маркумдун өздүгү тактала электигин билдирди.

«Маркум бизге түнкү саат 4:00дө каттоого алынган. Аны 2:30 чамасында унаа сүзүп кеткен. Маркум баш мээсинен катуу жаракат алып, мээге көп өлчөмдө кан куюлуп кеткендиктен, ал окуя болгон жерден каза болгон», — деди Арап Кожобаев.

Ал буга чейин Ак-Буура дарыясынын жээгинен Европа түспөлүндөгү жарандын өздүгү аныкталбай жерге берилгенин дагы кошумчалады. Ошондой эле учурда өздүгү аныктала элек 2 азиат түспөлүндөгү адамдын денеси сакталууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жол кырсыгы катталганын тастыктап, Раззаков көчөсүндөгү «Беш көпүрө базарынын» алдында «Мерседес-Бенц 220» үлгүсүндөгү ак түстөгү автоунаа жолдон өтүп бара жаткан 25-30 жаштагы жигитти сүзүп кеткенин билдирди.
Айдоочу кармалып, териштирүү иштери жүрүүдө.