Уруксат кагазы жок 2 тонна мандарин, 9 600 даана лампочка ташып келе жаткандар кармалды (сүрөт)

0
95

Кечээ, 2-мартт Лейлек жана Айдаркен чек арачылары чек арадан мыйзамсыз өткөн товарларды  аныктады. Бул туурасында УКМК чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Жаштык айылында чек арачылар тарабынан кыргызстандын 1970-жылы туулган жараны башкарган «Мерседес-Бенц-Спринтер» унаасы  токтотулган. Кароо учурунда  анда  2 тонна  мандарин болгон. Товарды алып кирүүгө уруксаат кагазы жок болуп,  мыйзамсыз жол менен  коңшу Тажикстандан  алынып келе  жаткан.

Ушул эле күнү Кадамжай районундагы Пылдырак айылында  кыргызстандык  1980-жылы  туулган жараны  башкарган Hyundai-Porter унаасы  текшерүүгө  алынган. Ал чек ара бекети жок тилкеден Өзбекстанга 9 миң 600 лампочканы мыйзамсыз өткөрүүгө  аракет  кылган.

Алдын ала маалымат боюнча, мыйзамсыз ташылган товрадын жалпы суммасы  340 миң сомду түзөт. Документтер толтурулган соң товар тийиштүү кызматтарга өткөрүлгөн.