COVID-19: Молдовада вируска каршы эмдөө башталды.

0
91

Молдовага жакында эле Румыниядан 21 миң 600 доза вакцина келген. Өлкө бийлиги биринчи кезекте медицина кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрөт.

Кишиневдогу короанвирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлер кечээ вакцина алды. Дарыгерлер препараттын  сапаты мыкты, адамдын организминде теср реакцияны пайда кылбайт деп  ишенүүдө.

«АстраЗенеки» препаратынын  200 миң дозасын  Молдовага берүүнү Румыния убадалаган. Кишинев бир канча препаратты анын ичинде Россияда чыгарылган  вакциналарды колдонууну жактырган. Бирок Молдова вакцинация аракети  кечеңдеп жаткан   европадагы  өлкөлөрдүн бири.

Президент Майя Санду билдиргендей, батыштын  компаниялары  Молдованын  сот системасына  ишенбейт жана келишим түзүүдө карманышат. Себеби алар препаратты  кооптуу же сапатсыз деп тапса акчаларын кайра кайтарып, чыгымга  учурап  калууну   каалабайт.

https://www.youtube.com/watch?v=KNqk4ANq8-g