Чоң трассада жүрүү ылдамдыгы кайра каралууда, айып пулдун суммасы азаябы?

0
754
Жогорку Кеӊеште “Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

 Аталган мыйзам долбоорунда айып пулдардын 8 түрү боюнча категорияларын азайтуу сунушталууда. Алар;

– жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

– жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);

– токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

– коопсуз аралыкты, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу;

– автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

– жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө, Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын жол чырактын тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;

– каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов мурда жол эрежесин бузган айдоочулар бүгүнкү күнгө чейин айып пулун төлөй электер бар экенин айтып, алар кайсы тариф менен кутула аларын сурады.

Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн жаңы мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап жазылган жол эрежесин бузган айдоочулар жеңилдетилген тариф менен төлөй алышат.

«Бул мыйзам күчүнө кире элекке чейинки жол эрежесин бузган айдоочулар буга чейинки көрсөтүлгөн сумма менен айып пул төлөйт. Анткени буга чейин токтомдор чыгып калган. Токтомду биз буза албайбыз», – деди ИИМдин өкүлү.

Мыйзам долбоорун колдой турганын билдирген депутат Сайдулла Нышанов жолдо автомашиналардын жарыгын жагып жүрүү лампочка өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн коррупциялык талап экенин, азыр эл аралык тажрыйбада андай талап жокко чыгарылып жатканын белгиледи.

«-Автомашиналардын жарыгын жагып жүрүүдөн жол кырсыгы азайып деле кеткен жок, аны жоюп салыш керек. Ошондой эле, чоӊ трассаларда жүрүү ылдамдыгын да көбөйтүү зарыл» — деди эл өкүлү.

Кошумчалай кетсек, аталган мыйзам долбоору колдоо таап, биринчи окууда добуш берүүгө багытталган.

 

Күтө туруңуз...

Сизге акыркы маалыматтарды кабарлап туралыбы?

Анда катталыңыз!!!