COVID-19:  Стамбул  карантиндик чараларды жумшартты

0
52

Стамбул шаарында мурдагы жашоо калыптана баштады. Коронавирустун экинчи толкунунда декабрь айында кабыл  алынган чектөө  чараларынын айрымдары кечээ  алынды. Ага ылайык, кафе-ресторандардын ишине уруксат берилди. Бирок ресторандагы тамактануучу адамдардын саны чектелет.

Дем алыш күндөрү киргизилген комендаттык саат  күчүн  жоготту. Ал эми иш күндөрү комендаттык саат  кечки 21:00дөн  таңкы 05:00ге чейин  күчүндө.

Стамбулда азыр кооптуулук сары түс менен белгиленди. Бул вирустун  жайылуу көрсөткүчү дагы деле жогору экенин туюнтат.