COVID-19: Жаңы 48 учур, бир бейтап көз жумду

0
52

3-мартка карата коронавирус 48 адамдан табылып,бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар: Бишкекте – 17, Чүй облусунда – 13, Ош шаарында – 3, Ош облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 кишиден коронавирус табылган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 359 адам коронавирус жуктурган.

Ал эми бир сутка ичинде 49 адам коронавирустан айыгып, илдеттен сакайгандардын саны 83 миң 318 кишиге жетти.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир бейтап каза болду. Коронавирустун курмандыгы республика боюнча -, 1 миң 468 адам.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 355 бейтап, амбулатордук түрдө 275 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде стационардан бир, үй карантининен 2 медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 186 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.