Мамлекеттик туу күнү Ош шаарында белгиленди (сүрөт)

0
39

Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болду.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн орун басары Ахматжан Махамадов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана аскер кызматкерлери катышты.

Калаа мэри Таалайбек Сарыбашов жалпы кыргызстандыктарды куттуктап,бул күн өзгөчө майрам экендигин баса белгиледи.

Улутубуздун жаңы тарых барактарын ачкан бул сыймыктуу жана символикалуу Мамлекеттик туу күнү. Биздин сыймыгыбыз, ыйманыбыз, адебибиз, маданиятыбыз мамлекеттик туу менен тыгыз байланышат.

Мамлекеттик туунун күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка ,ар намыстуулукка үндөп кетем. Туубуз элибиздин майрамдарында, салтанаттарында, улуттук аземдеринде желбиресин! Ылайым биздин туубуз кыргызстандыктарды бириктирген сыймыктуу символ катары түбөлүккө жашасын!”,- деди Т.Сарыбашов.

Иш-чаранын жүрүшүндө, жоокерлер шаардын борбордук аянтына КРнын Мамлекеттик туусун көтөрүштү. Ошондой эле, шаардык ИИБнын жана Ош гарнизонунун кызматкерлеринин жүрүшү уюштурулду.

Белгилей кетсек, 1992-жылдын 3-мартында кабыл алган.