COVID-19: Францияда коронавирус пандемиясы курч бойдон калууда

0
55

Францияда коронавирус пандемиясы курч бойдон калууда. Өткөн  суткада 25 миң  адамдан вирус аныкталган. Өлкөдөгү 20 департаментте  карантин  чаралары күчөтүлгөн.

Бийлик өкүлдөрү  Париж шаарын 3 аптага карантинге алып,к ирип-чыгууну токтотуу сунушун берүүдө.

Франциянын премьер-министри Жан Кастекс жаңы штамм күндөн күнгө тез ылдамдык менен таркап жаткандыгына  тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, Британияда аныкталган коронавирусттун  жаңы штаммы covid-19дан сакайып чыккан адамдардын тең жарымынан аныкталган.

Улуу Британия коронавирустун кооптуулук көрсөткүчүн  бир тепкич төмөн түшүрдү. Падышалыктын дарыгерлери соңку күндөрү бейтаптардын саны азайып жаткандыгын  айтууда.

Ал эми Кипрде дүйшөмбү күндөн  тарта жогорку класстын окуучулары мектепке кайтат. Музей, машыгуучу залдар,бассейин ишин  баштайт. Карылар үйүндөгү туугандарын көрүүгө, чоң базарларга жана көчө соодасына да уруксат берилет.