Нигериядада куралданган адамдар кыздар билим алган мектепке кол салды

0
49

Нигериядада куралданган адамдар кыздар билим алган мектеп-интернатка кол салып, 300 окуучуну алып кеткен. Жергиликтүү  массалык  маалымат  каражаттарынын  билдирүүсүнө  караганда, куралчан топ  интернатка  түнү мотоцикл жана  ири унааларда келген.

Кол салгандардын баары  атайын кызматтын күрмөсүн  кийип жүргөн. Куралдуу топ кыздарды күч менен унаага салып,б елгисиз тарапка  из жашырган. Полиция учурда кылмыштуу топтун дайынын таппай жатат.

Бирок бул окуяга «Боко Харам» тобунун  катыштыгы  бар деген божомолдор айтыла баштады.  Аталган  уюм дайыма христиан динине негизделген  билим берүү мекемелерине  кол салууну  уюштуруп келет. Алар батыштын илим-билим жайларына барууну  күнөө  деп  эсептешет.