Өлкөдө тоо кендерин казуу боюнча улуттук компания түзүү пландалууда.

0
73

Президент Садыр Жапаров «Российская газета» басылмасына курган маегинде Кыргызстанда тоо кендерин казуу боюнча улуттук компания түзүү пландалып жатканын билдирди.

Анда Жапаров тоо-кен тармагындагы улуттук кызыкчылыктарды коргоо максатында түзүлө турган компаниянын уставдык капиталынын 100% мамлекет ээлик кылуусу керектигин белгилеген. Мындай чара өлкөнүн минералдык-сырьелук базасынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдей турганын кошумчалаган.

Президенттин белгилешинче, буга чейин иштетилип келаткан кендерди мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү инвестициялык климатка терс таасирин тийгизиши мүмкүн, андыктан жаңы түзүлө турган улуттук компанияга лицензия ала элек кендер өткөрүлүп берилет.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканалардын 30% Кытай менен бирге түзүлгөн. Өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 10%, салык төлөмдөрүнүн 25% жана өндүрүш көлөмүнүн 43%ын тоо-кен тармагы камсыз кылат.