Сокулукта мурда соттолгон 3 жаран урушу кетип бирөө каза болгон

0
33
Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда зордолуп өлтүрүлгөн белгилери менен кишинин денеси табылды.
Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүүлөр кармалган.

Каза болгон жаран Бишкектин буга чейин соттолуп чыккан 28 жаштагы тургуну болуп чыкты. Анын өлүмүнө шектелип жаткандар Чүй облусунун буга чейин соттолуп чыккан 27 жана 30 жаштагы тургундары болгон.

Маалыматка ылайык, 3 жаран буга чейин түзөтүү мекемесинде чогуу жаза өтөшкөн. 3-октябрда алар чогулуп, спирт ичимдигин ичишкен. Араларында пикир келишпестик жаралып, мушташкан. Бирөө алган жаракатынан улам каза болду.

Булак: 24.kg