Жер Ортолук деңизинде Ливиянын жарандары бараткан кеме чөктү

0
58

Жер Ортолук деңизинде чөгүп кеткен мигранттардын болжолдуу саны такталды. Өткөн жумада кырсыка учураган кеме туурасында маалымат бир канча күндөн киийн белгилүү болгон. Мигранттардын баары Ливиянын жарандары. Алардын кемеси жолго чыккандан тартып эле сууга чөгө баштаган.

БУУнун  жогорку комиссарынын маалыматы боюнча, чөгүп кеткен жарандар өткөн бейшемби күнү Ливия жээгинен узаган. Кемеде  жалпы 120 адам бара  жаткан. Ашыкча жүргүнчүлөр  кемени башкарууда мүчүлүштүктү жараткан.

Учурда 41 адамдын дайыны жок. Бир жүргүнчүнүн гана денеси суудан чыгарылды. Бул Жер Ортолук дениздеги жыл башынан берки экинчи кырсык.

Европага жетүүдө деңизди кесип өтүү өтө кооптуу маршрут деп эсептелет. Соңку  жети жылда Жер Ортолук деңизге 20 миң мигрант  чөгүп кеткен.

https://www.youtube.com/watch?v=WTyulyNaZdM