Россия Кыргызстанга 100 миң ПЧР-тест жөнөттү

0
75

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 100 миң ПЧР-тест берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Жүк Кыргызстанга бүгүн, 25-февралда жөнөтүлөт.

Кечээ, 24-февралында президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарынын алкагында жана Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгынын негизинде, кыргыз тарапка гуманитардык жардам катары COVID-19 оорусун аныктоого 100 миң ПЦР-тест берүүнү чечти.

Гуманитардык жүк Роспотребнадзордун Борбордук илимий изилдөө институту тарабынан Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине тапшырылды.