Сузактагы жол кырсыгынан бир адам көз жумду

0
70

Кечээ, 23-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылында жол кырсыгы катталган. Анда Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы эркек киши каза болуп, 54 жаштагы аял жабыркаганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган аялды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен. Ал эми каза болгон адамдын жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.