Бүгүн, 24-февралга караган түнү саат 01:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусу тарапта узундугу 250, бийиктиги 2-2,5 метр, саат 04:00дө ушул эле жолдун 226-чакырымында ал эми таңкы 7:15те 223-чакырымында кайрадан кар көчкү түшкө. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кар көчкүнүн узундугу 30 метрди, бийиктиги 2-2,5 метрди түзөт.
«Учурда Бишкек—Ош жолу кар көчкүдөн толугу менен тазаланды. Ашууларда катуу бороон болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 23-февралда саат 18:30да Бишкек-Ош жолунун 223-чакырымында узундугу 150 метр, бийиктиги 2-3 метр болгон кар көчкү түшкөн.