Мьянмадагы каршылык акциясына миллион адам катышты

0
38

Мьянмада  бүгүн жалпы каршылык акциясы өтүп, ага 1 млн адам катышты. Өлкөнүн көпчүлүк  шаарларында  мектеп, банк, соода борборлору жабылып, темир жол жана коомдук каттамдардын иши  токтогон.

Мьянманын эли аскердик төңкөрүшкө каршы  митингдерди уюштурууда. Бир айдан бери  тынымсыз өтүп жаткан  каршылык акцияларында 2 адамдын өмүрү кыйылды. Жаракат  алгандар дагы бар. Бирок эч кандай коркутуулар элди токтото албайт дейт акциянын  катышуучулары.

Митингчилер  аскер адамдарынын өлкөнү башкаруусуна жол бербейбиз деп билдирүүдө. 1-февралда бийликти басып  алган  аскерлер Мьянмада бир  жылдык мөөнөт  менен  өзгөчө  абал режимин  киргизген.

Өлкөнүн мурунку  лидери  үй камагында  отурат. Элдин массалык  нараазычылыгына  аскерлер азырынча  көңүл бурбай  жатат.

 

https://www.youtube.com/watch?v=G8BHfOtEDnM