Каныбек Исаков 23 жаштагы мугалимге сыйлык берилгени үчүн кечирим сурады

0
357
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 23 жаштагы мугалимге берилген сыйлыкты туура эмес деп таап, 30-40 жыл сыйлык албай иштеген мугалимдерден кечирим сурады. 

Сыйлык алган жаш мугалим Бактыгүл Жапар кызына эч кандай тууганчылыгы жок экендигин баса белгилеп, сыйлыкты министрлик эмес, атайын комиссия караары тууралуу Sputnik радиосуна берген маегинде айтып өткөн.

30-40 жыл иштеп, эч кандай сыйлык албай жүргөн мугалимдердин учурдагы абалын түшүнүп турам жана моралдык жактан туура эмес деп таап, алардан кечирим сурайм.

«5-октябрь — Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата, бул тармакта эмгектенген 1000ге чукул адиске Ардак грамоталар жана «Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыктары ыйгарылган. Ошол педагогдордун арасында 23 жаштагы мугалим кыздын сыйлык алганы катуу талкууга түштү. Аны менин тууганым деп да чыгышты. Чынында мен ал мугалимди тааныбайт экенмин. Негизи эле бул тармакта 25 жылдан бери иштеп келе жаткан адам катары бир да ирет тууган, досторума сыйлык же башка маселеде жардам берген эмесмин. Бул менин инсандык көз карашыма туура келбейт. Ал эми бул берилген сыйлыктар боюнча атайын комиссия иш алпарат. Алардын ишине министр киришпейт. 23 жаштагы мугалимге мыктылыкты берерде эмгек стажы эсепке алынбай калган, бирок жободо конкреттүү жасаган иштери болсо да ыйгарууга мүмкүн деп жазылып калган. Ал эми ал мугалим «Жылдын мыкты мугалими-2019″ наамын жеңип алган. Ушунун негизинде бул жаш мугалим сыйлыкка ээ болуп отурат. Мен 30-40 жыл иштеп, эч кандай сыйлык албай жүргөн мугалимдердин учурдагы абалын түшүнүп турам жана моралдык жактан туура эмес деп таап, алардан кечирим сурайм. Биз сыйлык берүү боюнча жобону өзгөртүшүбүз керек», — деди Исаков.

Министр аталган сыйлыктар мамлекеттик статуска ээ эместигин, жөн гана стимул берүүчү тармактык сыйлык болуп эсептелерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарындагы №50 Паиз Нышанов атындагы орто мектептин 23 жаштагы география мугалиминин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин алуусу коомчулукта катуу талкууга түшкөн.

Билим берүү министрлиги жаш мугалим алган төш белги боюнча үн катты

Каныбек Исаков парламентте ант берди