COVID-19: 4 млн адам коронавирус жуктурган Британия адаттагы жашоого кайта баштады.

0
38

Коронавирустан Англияда 126 миң адам каза  тапты. Он күндөн киийн окуучулар  мектепте окуп, курулуш дүкөндөрү апрель  айында ачылат. Июнь айында Англияда бардык чектөөлөр алынат.

Карантиндик чектөөлөрдү жумшартууга жалпы эмдөө таасир берүүдө. Бүгүнкү күндө  падышалыктын 17 млн эли вакцинация алды.

1 млн адамдын санына жараша 1 200 өлүм катталган Словакияда эмдөө активдүү жүрүп жатат. Братислав Еробиримдиктеги өнөктөштөрүнө кошумча вакцинация алуу өтүнүчү менен кайрылды. Словакиянын тышкы иштер  министринин айтымында, эмдөө коронавирус жуктуруп алгандарга таасир бербеши ыктымал. Бирок вируска чалдыкпаган жарандарды коргоо таасири жогору.

Францияда  вирусту 3,5 млн адам жуктуруп  алган. 84 миң адам каза тапты. Ривьере шаарында  эки апта локдаун күчүндө калтырылды.

Ницца шаарынын мэри пандемиянын күчөп жаткандыгын  кышкы каникул учурунда жарандардын саякаттоосу менен байланыштырды. Бул күндөрү аба майданда суткасына 120 эл аралык каттамдар  кабыл  алынган.

Италия менен Монаконун чек арасын убактылуу жаап коюу сунушун бийлик мүмкүн  эмес деп түшүндүрүүдө.

https://www.youtube.com/watch?v=2-jKvIxV1zU