Кичи фермага айланган Лион шаары

0
53

Франциянын Лион  шаарынын  борбору  кой-эчки, уйлар, тракторлор менен кичи фермага айланды. Шаардын жашоочулары жергиликтүү бийликтин мектеп окуучуларына берилген ысык тамактан этти алып салуу чечимине каршы митингге чыгышы. Жетиштүү тамактанбаган балдар  коронавируска тез кабылат деп ата-энелер  тынчсызданууда.

Шаардын мэриясы этти  рациондон алып салуу убактылуу чечим  экендигин айтып түшүндүрдү. Жеткинчектерди балык, жумуртка менен тамактандыруу токтобойт.

Этти алып салуу саламатыкты сактоо министрлигинин  көрсөтмөсүнүн  негизинде кабыл  алынган. Ошондой эле  окуучулар мектеп ашканасында аралыкты сактоо  менен отургузулат. Балдардын баарына  бирдей меню менен тамактандыруу зарылдыгы бар деп  шаардык мэрия маалымат берди.

Фермерлер муниципалдык шайлоодо жеңишке жеткен “Жашылдар” партиясы  үчүн пандемия, коронавирус жон гана себеп  деп эсептейт.

Ички иштер  министри рационддон  эт азыгын алып салуу жакыр жашаган үй-бүлөнүн  балдарын дискриминациялоо деп айтып чыкты. Себеби алар мектепте  гана толук кандуу тамактана алышат.

Соңку  жылдары Лион шаарындагы мектеп ашканасын эт менен  камсыздоо эки эсе жогорулап, жергиликтүү фермерлердин иши  илгерилей баштаган.

Ал  эми шаардын мэри  бул чечимди экс шаар башчы киргизгендигин эскертти. Анда  бул чечим ажиотаж жараткан эмес деп кайра  шаар тургундарына суроо салууда.

 

https://www.youtube.com/watch?v=RwPMRrJVJYY