УКМК маалымат агенттиктеринин биринин М.У.К. аттуу жетекчиси пара талап кылып кармалганын билдирди. Шектүү кечээ, 22-февралда 84 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен колго түшкөн.
Ага карата 203-берене боюнча “Опузалап акча талап кылуу” менен иш козголгон.
«Кармалган адам арыз ээсинен мас абалында кайгуул кызматынын кызматкерлерине түшүп калган видеоматериалды өчүрүү үчүн акча талап кылган«, — деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган М.У.К. УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.
Колгон түшкөн адам «Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова экенин ЖМКлар жазышууда.