Өкмөт башчы Кой-Таштагы № 73 809 аскер бөлүгүнө барды (сүрөт)

0
37

Бүгүн, 23-февралда премьер-министр Улукбек Марипов Коргоо министрлигинин № 73809 аскер бөлүгүнө барды жана Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу сапка тизилүүгө катышты.

Анда Марипов аскердик бөлүктүн аскер техникасы жана куралданышы, ошондой эле аскерлердин тамактандыруусунун уюштурулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 16-февралында өкмөт башчы Улукбек Мариповдун чечими менен аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин, жоокерлердин күнүмдүк азыгынын нормасы көбөйтүлгөн. Ага ылайы, жоокерлердин күнүмдүк тамак-аш рационуна колбаса, сыр, коюлтулган таттуу сүт жана мөмө-жемиштер киргизилди.

Премьер-министрдин бул чечими Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн жоокерлердин ден соолугун бекемдөө жана алар жеген тамак-аштын сапатын көтөрүү максатында чыгарылган.

Жоокерлердин күнүмдүк азыгынын нормасы акыркы жолу 2002-жылы көтөрүлгөн.

Өкмөт башчы жоокерлерди майрамы менен куттуктап, аскер бөлүккө проектор сатып алуу үчүн 100 миң сомдук сертификат тапшырды.